Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Медведевге соңку иликтөө боюнча суроо берүүгө тыюу салынды


Орусиянын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги депутат Валерий Рашкинге Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун иликтөөсү боюнча премьер-министр Дмитрий Медведевге суроо берүүгө тыюу салды. Партия жетекчилиги бул суроо орунсуз болуп каларын билдирген. Мындай тыюу салынганын депутат жана фракциянын басма сөз катчысы Александр Ющенко РБК басылмасына ырастады. Коммунисттер фракциясынан Медведевге Олег Смолин, Николай Коломейцев, Вера Ганзя, Сергей Пантелеев жана Юрий Афонин суроо беришет.

Бүгүн Мамлекеттик Дума премьер-министр Дмитрий Медведевдин өткөн жыл үчүн отчетун угат.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный жетектеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду март айында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкүн иликтеп чыккан. 26-мартта Орусиянын бир катар шаарларында коррупцияга каршы акциялар өткөн. Анда 1,5 миңдей киши кармалган. Навальный өзү 15 күнгө камалган.

Медведев фонддун иликтөөсүнө апрелдин башында жооп кайтарып, маалыматтарды жалганга чыгарган. Бирок Орусиядагы жана чет өлкөдөгү элиталык үйлөрдү кантип алганын ачыктаган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG