Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалчылары аныкталды


Криштиану Роналду
Криштиану Роналду

Испаниянын Мадрид шаарынын «Реал» футбол клубу Германиянын Мюнхен шаарынын «Бавария» клубун утуп, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык таймашына чыкты.

Оюн 19-апрелге караган түнү Мадриддеги «Сантьяго Бернабеу» стадионунда өтүп, анда 4:2 эсебинде "Реал" утту.

Таймаштын негизги убактысында (90 мүнөт) 1:2 эсебинде «Бавария» клубу алдыда болчу. Бир жума мурда болгон чейрек финалдагы алгачкы оюнда «Бавария» өз талаасында «Реал» оюнчуларына дал ушундай эсеп менен (1:2) жеңилгендиктен, эки беттештин жыйынтыгы тең чыгып кошумча убакыт берилди. Кошумча убакытта мюнхендиктер бир гана голду атаандаш дарбазасына узатса, «Реалдан» Криштиану Роналду эки жолу, Марко Асенсио бир жолу гол киргизди.

Ушул эле күнү болгон Чемпиондор Лигасынын дагы бир чейрек финалдык беттешинде Испаниянын «Атлетикосу» менен Англиянын «Лестер-Сити» клубу беттешип 1:1 эсебинде тең чыгып, «Атлетико» жарым финалга жолдомо алды. Эки клубдун бир жума мурда болгон алгачкы оюну 1:0 эсебинде «Атлетиконун» пайдасына аяктаган эле.

Бүгүн 20-апрелге караган түнү «Монако» менен «Боруссия» жана «Барселона» менен «Ювентус» клубдарынын чейрек финалдагы жооптук беттештери өтөт.

УЕФА - Европанын футбол Ассосацияларынын бирлиги. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG