Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Калифорниядагы Фресно шаарынын полициясы үч жарандын өлтүрүлүшүн иликтей баштады. 39 жаштагы афроамерикалык Кори Али Мухаммад терроризмге жана маңзат, мыйзамсыз курал алып жүргөнү үчүн айыпталууда. Ал шаар борборунан алыс эмес жердеги тынч райондордун биринде көчөдө ок чыгарган. Аз убакыт ичинде 16 жолу ок чыгарганга жетишкен Кори Али Мухаммад кармоо учурунда “Аллах акбар” деп кыйкырып, бирок полицияга каршылык көрсөткөн эмес. Октон каза болгондордун бардыгы ак америкалыктар.

Мыйзамсыз курал алып жүрүү жана маңзат ташуу үчүн айыпталып сегиз жыл абакта отурган Али Мухаммад социалдык тармактарда расисттик билдирүүлөрү менен белгилүү. Ал өткөн аптада киши колдуу болгон күзөтчүнүн өлүмүнө шектелип изделип жатканын полиция кабарлады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG