Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

ЖМК жөнүндө мыйзам үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү


Жогорку Кеңештин депутаттары "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун бүгүн үчүнчү окууга жөнөтүштү. Аны 15-мартта жүздөн ашуун эл өкүлү экинчи окууда колдогон.

Мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

Бул мыйзам алгач сунушталганда "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" деп чектөө киргизилген. Кийинчерээк алып салынып, медиа уюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун белгилешет. (SЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG