Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн билдиргендей, ушу тапта Базар-Коргондун аймактык ооруканасында тамак-аштан ууланган 33 адам жатат.
18-апрелде бейтапкананын инфекциялык оорулар бөлүмүндө 23 адам жатса, кийинчерээк дагы он киши түшкөн. Алардын ичинен экөөнүн абалы орточо оор. Калгандарынын оорулары жеңил, баарына тиешелүү медициналык жардам берилүүдө. Ошондой эле жеринде тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айылынын тургундары тамак-аштан ууланганы 18-апрелде белгилүү болгон. Райондук ооруканадан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, алар 15-апрелде Правда айылына тойго барып, ал жактан үйлөрүнө салат алып кетип, ошондон ууланган.
Республика боюнча быйыл жыл башынан бери тамак-ашка ууланган 31 учур катталып, 64 адам жабыркаган. 2016-жылы тамактан ууланган сегиз адам каза болгон. (NT)