Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Транспорт жана жол министрлигинде мыйзам бузуулар аныкталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Транспорт жана жол министрлиги 2015-жылы Транспорт жана байланыш министрлиги болуп турган учурда 188 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузууларга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде 145 миллион сомдон көбүрөөк акча курулуш иштерин аткарууда, 38 миллион бюджеттик каражатты пайдаланууда, 3 миллионго жакыны негизсиз маяна төлөөгө байланыштуу. Ошондой эле салык, Социалдык фонд төлөмдөрүнө таандык да маселе бар.

Курулушка байланыштуу алешемдиктер “Бишкек – «Манас» эл аралык аэропорту”, Балыкчы-Тамчы-Корумду, «Ош-Баткен-Исфана» жолдорун оңдоп-курууда аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG