Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

АКШ Исламабадды террордук топторго күрөш жүргүзүүгө чакырды


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Рэймонд Макмастер
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Рэймонд Макмастер

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Рэймонд Макмастер Исламабадды өлкө аймагындагы террордук топтордун баарына каршы бирдей күрөш жүргүзүүгө чакырды.

Ал Пакистанга жасалган алгачкы сапарынын маалында өлкө бийликтерин айрым радикал уюмдарды Ооганстанда колдонбоого чакырды. Макмастер Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф жана Улуттук армиянын башкы штабынын жетекчиси Камар Баджва менен жолукканын АКШнын Исламбаддагы элчилиги билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бийликке келгени бул жогорку деңгээлдеги америкалык делегациянын биринчи жолу Пакистанга келиши. Наваз Шариф Трамптын Индия менен Пакистан ортосундагы талаштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү демилгесин кубаттоо менен кабыл алганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG