Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Талегани: антисемитизм Ирандын имиджине кедергисин тийгизүүдө


Азам Талегани (ортодо)
Азам Талегани (ортодо)

Иран президенттигине талапкер болууну көздөгөн Азам Талегани айрым ирандык саясатчылардын жөөттөргө каршы ой-пикирлерин сынга алып, бул нерсе Ирандын имиджине кедергисин тийгизерин айтты:

- Биз Израил бийлигине каршы сындар менен жөөтөргө каршы сындарды айырмалай билүүбүз зарыл. Жөөттөрдү кемсинтүүнү токтотуу керек, - деди 19-майда өтчү президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн катталган 137 аялдын ичинен эң эле белгилүүлөрүнүн бири Талегани айым.

Ал 19-апрелде Тегеранда жасаган билдирүүсүндө Холокосту жокко чыгаруу түркөйлүктүн белгиси экенин айтты:

- Мен өзүм Освенцим лагеринде болгондо ал жакта адамзатка каршы кандай кылмыш жасалганын түшүндүм, - деди буга чейин президенттикке талапкер болууга эки ирет катталып, бирок белгисиз себептерден улам Сакчылар кеңешинин иргөөсүнөн өтпөй калган 72 жаштагы Азам Талегани.

Талегани Ислам револциясынын аялдар коомунун төрайымы. 1980-жылы Иран парламентинин депутаты болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG