Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору сунушталды


Жаңы мыйзам долбоордо акыйкатчыны шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, анын укуктук статусу, ыйгарым укуктары, ишин уюштуруу жана тартибин тактаган редакциялык түзөтүүлөр киргизилген. Мамлекеттик жана башка органдар, уюмдар менен өз ара мамилелери көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары акыйкатчы жана анын орун басарлары кайсы бир саясий партиянын катарында болбой, аларды колдоп же каршы чыкпоого тийиш.

Талкуу учурунда депутат Жанар Акаев Акыйкатчы институту кандайдыр бир күчтөргө көз каранды болбошу керектигин белгиледи. Жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Учурдагы мыйзамга ылайык, парламент акыйкатчы жана анын орун басарларын шайлайт жана жыл сайын акыйкатчынын баяндамасын угуп, ишине баа берет. Омбудсмендин жылдык баяндамасы парламенттен колдоо таппаса, кызматынан кетет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG