Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Бишкекте жол коопсуздугуна байланыштуу жумалык өтөт


Жол коопсуздугуна байланыштуу жумалык бул жолу “Ылдамдыкты азайт” деген ураан астында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова билдирди. Иш-чаранын алкагында, жума бою ылдамдыкты текшерген рейд өтөт.

Коомчулуктун көңүлүн бурдурчу ар кандай флешмоб өткөрүлүп, автомектептрде дарс окулат. Касмамбетова быйыл жылдагыга салыштырмалуу жол кырсыктары көп катталып жатканын белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жол коопсуздугу боюнча кезектеги глобалдык жумалыгы 8-майдан 14-майга чейин болот.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, акыркы бир жуманын ичинде эле өлкө боюнча жол эрежесин бузган 11 миң 259 айдоочуга протокол түзүлсө, анын ичинен 200гө чукул айдоочу мас абалында болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG