Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:06

Еврокеңештин президенти Дональд Туск Польшанын аскерий прокуратурасында күбө катары узак убакыт сурак бергенин жана ал "саясий мүнөзгө ээ” болгонун билдирди.

Туск 19-апрелде орус-поляк чалгынчыларынын мыйзамсыз байланыштары туурасында дээрлик сегиз саат аскер прокурорлорунун суроолоруна жооп берген. Туск ал кезде Польшанын премьер-министри болуп турган. Еврокеңештин президенти сурак берип чыккан соң журналисттерге кеңири маалымат бере албасын билдирип, өзүнө сый мамиле болгонун айтты.

Мурдараак кабарлангандай, Дональд Тускту Варшавадагы борбордук вокзалдан жүздөгөн тарапташтары жана каршылаштары тосуп алган. Айрымдары “Дональд, биз сени менен!” деген жазууларды көтөрүп алса, айрымдары Тусктун түрмөдө отурган сөлөкөтүн көтөрүп жүрүштү. Алар Тускту Польшанын президенти Лех Качинский түшкөн учактын кулашына жана ал окуяны иликтөөгө байланыштуу “өлкө кызыкчылыгына каршы иштеген” деп күнөөлөшкөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG