Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ноокенде беш жарым миң тургун өз үйлөрүнө кайтып келди


Көк-Арт дарыясы, Жалал-Абад, 2017
Көк-Арт дарыясы, Жалал-Абад, 2017

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, аймакта абал туруктуу, бирок суу тартылбай жатат.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Кара-Үңкүр дарыясы кирип, 300 метр жээкти жууп кеткен. Натыйжада 1000 гектар эгин аянтын суу каптап, райондогу эки айыл өкмөттүн тургундарына кооптуулук жараткан.

19-апрель түштөн кийин Сакалды айыл аймагындагы турак үйлөрдү көздөй суу каптоо коркунучу чоң болгондуктан Чек, Кыргызстан, Чоң-Багыш, Сай-Боюу жана Кармацех айылдарынан 885 түтүн үй-бүлө, жалпысынын 5,5 миңге чукул адам жакындарыныкына көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” интервьюсунда ар кандай табийгый кырсыктардан улам өлкө аймагында 4 миңдей үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү зарылдыгын билдирген. (КЕ/RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG