Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Фарид Ниязов президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча пикирин билдирди


Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланышкан талкуулар тууралуу пикирин билдирди. Билдирүүнү президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү таратты.

Билдирүүдө 2011-жылы конституциялык мыйзам кабыл алынганы, анда Жогорку Кеңеш шайлоо "президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт" (48-берененин 1-бөлүгү) деп жазылып турганы белгиленген. Бул мыйзамды депутаттар тобу (анын ичинде "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бар) демилгелеп, ошол кездеги президент Роза Отунбаева кол койгон. Фарид Ниязов мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрына белгилөөгө милдеттүү экенин, "Ата Мекен" фракциясы Кыргызстандын саясий айдыңында кезектеги талаш-тартыш жаратып жатканын айткан.

"2010-жылдагы Конституциянын долбоорун Убактылуу өкмөттөн иштеп чыгуучуну жана “жооптууну” киргизүү менен «Ата Мекендин» депутаттары Кыргызстандын саясый турмушуна коога жаккысы келип жаткан сыягы бардай. Көнүмүш адаттары боюнча. Алардан башка пайдалуу нерсени жарандарыбыз укпай да калды көрүнөт" деп жазылган билдирүүдө.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары маалымат жыйын куруп, президенттик шайлоону август айында өткөрүүнү сунуштаган. Алар эгер шайлоо ноябрда өтсө жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүн деп, парламент 26-апрелге чейин шайлоо өтчү күндү аныкташы зарылдыгын белгилешкен. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG