Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, тергөөчүлөр депутаттын баш коргоо чарасы боюнча сотко бүгүн сунуштама бериши керек:

- Текебаевдин камактагы мөөнөтү 25-апрелде аяктайт. Мыйзам боюнча ал тергөө абагында калабы же чыгабы деген сунуштама беш күн мурда берилиши керек. Бүгүн аны УКМКнын тергөөчүлөрү Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берип, сот үч күн ичинде карап берүүгө тийиш.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты "саясий куугунтук" деп баалап жатат. 29-мартта Жогорку Сот Текебаевдин адвокаттарынын доо арызын караган. Соттук коллегия арыздын мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде көзөмөл өндүрүштү кыскарткан, камактагы депутаттын баш коргоо чарасын караган эмес. Текебаев 25-апрелге чейин камакта калган.

Ушу тапта Бишкектеги Ак үй алдында жарандык активисттер, Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары, Бишкектеги Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү эл өкүлүн жана "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен соттолгон оппозициячыларды бошотууну талап кылып жатышат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG