Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

ОЗХО: Сирияда зарин же ошого окшош зат колдонулган


Ахмет Узумчу
Ахмет Узумчу

Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы ыктымал чабуулда ууктуруучу зарин газы же ошол сыяктуу зат колдонулганын иликтөө жыйынтыгы көрсөттү. Бул тууралуу 19-апрелде Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм (ОЗХО) билдирди.

Уюмдун башчысы Ахмет Узумчу курман болгон он кишиден алынган анализдерди төрт лаборатория иликтегенин айтты.

Ал анализдердин жыйынтыгы "зарин же зарин сыяктуу заттын таасирин көрсөтүүдө. Лабораториялык анализдердин кийинки деталдары алынган жыйынтыктар айныксыз дегенге жетелейт", - деди Узумчу.

4-апрелде Хан-Шейхундагы химиялык деп мүнөздөлгөн чабуул 90го жакын адамды өлтүргөн. Батыш буга Сирия өкмөтүн, аларга көмөк көрсөтөт деп Орусияны айыптаган. Дамаск менен Москва айыптоолорду четке кагып, уулуу газ Сирия өкмөтү куралдуу оппозициянын кампасын бомбалаганда чыгышы мүмкүн же бул Батыштын атайын чагымы деп айтышкан.

"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери бул окуяны Гаагадагы Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм иликтегенден кийин чечим кабыл алмай болгон. Орусия да БУУнун иликтешин жактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG