Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кытай космоско учкучсуз кеме учурат


Кытайдын учкучсуз ракетасы
Кытайдын учкучсуз ракетасы

Кытай алгачкы учкучсуз жүк ташуучу космос кемесин ааламга учурат. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик каражаттары жазышты.

"Тянжоу-1" аппараты бекитилген "Чанг Женг-7" ракетасы 20-апрелдин кечинде Хайнань аралынан коё берилери маалым болду.

Космос кемеси ачык ааламдан ал жактагы Кытайдын лабораториясына кошулат.

"Тянжоу-1" космос станциясы үчүн керектүү техникалык жабдыктарды жеткирерин Синьхуа агенттиги кабарлады. Учкучу бар эң алгачкы космос кемесин Кытай 2003-жылы учурган. 10 жылдан кийин Айга "Юту" аппаратын кондурган. Бирок бул миссия техникалык маселелерден улам жарым-жартылай гана ишке ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG