Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

"Дыйкан-Пишпек" базары 21-апрелден тарта жабылат


"Дыйкан-Пишпек" базары.
"Дыйкан-Пишпек" базары.

Бишкектеги "Дыйкан-Пишпек" базары 21-апрелден тарта жабылат. Аталган базар мунай базасына жакын жайгашып, өрт коопсуздугу сакталбагандыктан аны жабуу чечими кабыл алынганын Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, базардагы соода-сатыкты токтотуу чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө прокуратура органдарына жүктөлдү. Өткөн жылдын октябрь айында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция базар өрт коопсуздугуна жооп бербейт жана санитардык эрежелер сакталбайт деп тапкан.

Тынаев соодагерлерге Бишкектеги эки базарга барып иштөө сунушталганын, алар үч ай ижара төлөөдөн бошотуларын кошумчалады:

- Экотехинспекция эреже бузууларды аныктагандан кийин бизде базарда иштеп жаткан соодагерлерди кайсы жакка жайгаштырабыз, кантип жумуш менен камсыз кылабыз деген суроо пайда болду. Аны чечиш үчүн башка базарлардын жетекчилери менен жолугушуп, иш жүргүздүк. Бүгүнкү күнү бир эмес, эки базар ушул жакта иштеп жаткандарды кабыл алууга даяр. Үч ай жеңилдик берип, бекер иштесин деген сунуштарын берип жатат. Анын бири "Дордой-Моторс", экинчиси "Сары-Өзөн" базары. "Дыйкан" базардын аянты эки жарым гектар болсо бул базарлардын аянттары он гектардан ашат. Бардык шарт түзүлгөн.

Буга чейин “Дыйкан" базарын көчүрүүгө ал жерде иштеген соодагерлер каршы болуп, бир нече жолу нааразылык акцияга чыгышкан. Былтыр күзүндө мэрия коопсуздук жана санитардык эрежелер сакталбайт деген негизде соода жайдын жабыларын эскерткен. Базар 2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган. Анда миң чамалуу адам иштейт. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG