Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:48

Икрамжан Илмиянов президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчы тиешелүү буйрукка бүгүн кол койгон.

Икрамжан Илмиянов 2-апрелде Көк бөрү федерациясынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Өткөн айда КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазып, ордун тизмедеги өзүнөн кийин талапкерге бошотуп берген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG