Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Левада: Орусиялыктар арасында Лениндин баркы жогорулады


 Владимир Ильич Ленин, 1921
Владимир Ильич Ленин, 1921

Большевисттик революциянын жол башчысы Владимир Лениндин орусиялыктар арасында кадыр баркы он жыл мурдагыга караганда жогорулады. Бул көз карандысыз "Левада" борборунун сурамжылоосунда белгилүү болду.

19-апрелде жарыяланган сурамжылоо жыйынтыгы көрсөткөндөй, орусиялыктардын 56% Лениндин өлкө тарыхындагы ордуна оң баа беришкен. Ал эми 22% тескери баалашкан.

2006-жылы Ленинди жактыргандар 40% болсо, суралгандардын ар бир үчүнчүсү жактырган эмес.

2017-жыл Советтик доорду алып келген революциянын 100 жылдыгы.

1924-жылы дүйнөдөн өткөн Лениндин бальзамдалган сөөгү дале Москванын Кызыл аянтындагы мавзолейде сакталуу. Акыркы сурамжылоого катышкандардын алтымыш пайыздайы аны жерге берүү керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG