Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Москвада кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланууда


Москвада Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган жыйын өтүүдө.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, жыйынга Орусиянын Кыргызстандагы мурдагы элчилери Михаил Романов, Георгий Рудов жана Валентин Власов катышып, кыргыз-орус кызматташтыгынын тарыхы тууралуу баяндама жасашты.

Ага Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков жана Жогорку Кеңеш депутаты Алмазбек Токторов да катышууда. Ошондой эле бир катар мамлекеттердин Орусиядагы элчиликтеринин өкүлдөрү да чакырылган. Орус Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында өткөн иш-чараны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган.

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 20-мартта 25 жыл толду. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG