Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

Кайыңдыдагы окуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Чүй облусуна караштуу Панфилов жана Кайыңды районундагы мектеп окуучуларынын калайман мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады. Мушташта бир окуучу бычак жеген. Учурда жараат алган эки окуучу дарыланууда, бирөө үйүнө чыгып кеткен. Дагы үчөө дарыгердин биринчи жардамынан кийин үйүнө кеткен.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзура Чыкынова эки мектептин директорлоруна иш-чараны жетиштүү деңгээлде өткөрбөгөнү үчүн сөгүш жарыяланганын билдирди.

14-апрель күнү Панфилов районунда эки мектептин жогорку класстарынын окуучулары мушташкан. Милициянын маалыматында, окуучулар жалпы республикалык тест тапшырган соң чатакташып, өз ара пикир келишпестиктерин мектептен обочо жерде улантууну макулдашышкан. Жалпысынан окуя учурунда 15-16 бала болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG