Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:33

Орусия АКШ шайлоосу боюнча Рейтердин маалыматын четке какты


солдон оңго: Михаил Фрадков, Владимир Путин

Орусия Стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси Михаил Фрадков Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү тууралуу Рейтер агенттигинин маалыматын четке какты.​

- Орусиянын АКШдагы шайлоого "кийлигишүүсү" деген тема коомчулук кабылдоосунан чыгып бараткан учурда элдин көңүлүн дагы бир ирет бурдуруш үчүн чыгууда. Сыягы бул кутумдун авторлору реалдуулук менен фантазияларын салыштыра албай калгандай, - деп жазат Фрадков институттун сайтына.

Аз мурда Рейтер агенттиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү үчүн Орусиянын Стратегиялык изилдөө борбору эки документ иштеп чыкканын жазган. Анын биринде медиа аркылуу өзүнө жакын талапкерди колдоо, экинчисинде демократ талапкер Хиллари Клинтондун президент болуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу максаты көздөлгөн делет. Рейтер бул маалыматтарды АКШдагы атын жашыруун калтырууну каалаган азыркы үч, мурдагы төрт кызмат адамдарынан алганын билдирген.

Документ АКШ чалгын кызматкерлеринин колуна тийгени кошумчаланган, бирок кандай жагдайда алынганы айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG