Чеченстанда кумсаларга куугунтук болуп жатканы тууралуу маалыматтар тактала элек. Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орусиялык журналисттерге билдирген.
Песков ошондой эле Чеченстан жетекчиси Рамзан Кадыров ММКдагы мындай маалыматтарды "реалдуулукту бурмалоо жана жалаа" деп эсептерин билдирет.
Бейшембиде Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова кумсалар боюнча кабарлардын аныктыгынан күмөн санап турганын айткан. Орус Омбудсмени текшерүү үчүн жабырлануучулардын аты-жөндөрү такталбай жатканын, бул боюнча чечен күч түзүмдөрүнө жөнөткөн өтүнүчтөрүнө жооп ала албаганын билдирүүдө.
Апрелдин башында "Новая газета" басылмасы Чеченстанда кумсалар же ошондой деп айтылгандар сотсуз эле камалып жатканын, арасында өлгөндөр да бар экенин жазган.