Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Чеченстанда кумсалар өмүрү коркунучта


АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли чечен бийлигин кумсалардын уурдалып, кыйноого кабылып жана айрымдарынын өлгөндүгү тууралуу маалыматтарды тез арада иликтөөгө чакырды.

Орусиянын медиа каражаттары жана адам укугун коргоочу уюмдары Чеченстанда сексуалдык ориентациясы башкача кишилер концентрациялык лагерлерде кармалып жатканын жазып чыгышкан.

- Эгер бул чын болсо, анда адам укугунун бузулганын четке кагууга болбойт. Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы зарыл. Биз дискриминациянын бардык формасына анын ичинде жыныстык өзгөчөлүгүнө карап басмырлоого каршыбыз, - деди АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли кайрылуусунда.

Москва бул кайрылуу боюнча пикирин билдире элек.

Буга чейин дүйнө коомчулугу, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары чечен жумуриятында кумсалардын кыйноого алынып,киши колдуу болуп өлүп жатканы тууралуу маалыматтарды териштирилбей жатканын сындашкан.

Алар маалыматтар чын болсо, Орусия бийлигин ЛГБТ өкүлдөрүн куугунтуктоону калыс иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жазага тартууга чакырган. Бул боюнча Лондондо жүздөгөн адамдар Орусиянын Британиядагы элчилигинин алдында 12-апрелде нааразылык акциясына чыккан.

Чеченстандагы кумсалардын кодуланышына нааразы болгон активисттер. Орусия, 2017-жыл
Чеченстандагы кумсалардын кодуланышына нааразы болгон активисттер. Орусия, 2017-жыл

Чечен лидери Рамзан Кадыров мындай маалыматтарды четке кагып “аймакта куугунтуктай турган кумсалар жок” деп жооп берген.

- Бизде бул жөнүндө эч качан айтылбайт жана андай түшүнүк да жок. Ошондой төрөлүп калгандар болсо дагы анысын кандайдыр бир жол менен жоюуга болсо керек. Айтылып жаткандардын баары карандай калп, - деди чечен жаштары союзунун төрагасы Рустам Тапаев.

Орусиянын Башкы прокуратурасы Чеченстанда сексуалдык азчылыктарга зордук-зомбулук болуп жатат деген маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

Алгач Чеченстандагы кумсалардын куугунтукка кабылганы тууралуу кабар Орусиянын "Новая газета" басылмасында 1-апрелде жарык көргөн. Анда кумсалар же ошондой деп шектелген жүздөн ашуун адам кармалып, кеминде үч киши каза тапканын жазган.

Бул маалыматтар өлкөнүн күч органдарынан, ЛГБТ активисттеринен алынып, бир нече ирет бышыкталып басылганы айтылат. Кумса деп кармалгандар арасында дин кызматкерлери, Кадыровго жакын таасирдүү адамдар жана эки теле алып баруучу да бар делет. Басылма кумсаларды “атайын жашыруун түрмөлөрдө” кармап, сотсуз жазага тарткан учурлар болгонун белгилейт.

“Азаттык” радиосунун орус кызматына атын жашырган булак кумсаларга карата кысым өткөн жылдын декабрь айынан башталганын билдирген. Кармалгандар Чеченстандагы Аргун шаарында, Цоци-Юрт айылындагы эки жашыруун түрмөдө кыйноого жана мазактоого туш болуп жатканын айтып берген.

Бул маалыматтар жарыялангандан кийин “Новая газета” редакциясына коркутуулар болгон, өлкөдө атайын жыйындар өтүп, гезитти "эл душманы" деп атагандары тууралуу кабарланууда.

Бул боюнча орус президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Орусия журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттерге каршы экенин билдирген. Ал эми Чеченстандагы кумсалардын куугунтуктоого кабылганы тууралуу маалыматты текшерүү керектигин жана жабыркагандар сотко кайрылса болору тууралуу жооп берген.

Басылма сексуалдык азчылыктар кабылган зордук-зомбулуктар боюнча материалдарын Тергөө комитетине берерин билдирген. Кийинчерээк Тергөө комитетинен тийиштүү чаралар көрүлбөдү деп гезит комитеттин өзүн Басман сотуна берди.

Ал арада Орусия бийликтерине кайрылып, кумсаларды куугунтуктоону токтотууга чакырган онлайн петицияга кол койгондор 150 миңден ашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG