Орусиянын Санкт-Петербург шаарында белгисиз адамдардан токмок жеп, комага түшкөн орусиялык журналист Николай Андрущенко көз жумду.
"Новый Петербург" гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири, 73 жаштагы журналистти 10-мартта шаар көчөлөрүнүн биринде тепкиден эси ооп жаткан абалда табышкан. Ал ошондон бери эсине келген эмес.
"Новый Петербургдун" башкы редактору Денис Усов журналист шаардагы коррупция менен күрөштүн натыйжасыздыгы тууралуу макаласы үчүн токмоктолгон болушу мүмкүн деген эле.
Facebook шеринеси