Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:39

Зариф: АКШ Иранды сындабай, милдеттемесин аткарсын


Мухаммад Жавад Зариф

АКШ Иранды айыптоонун ордуна 2015-жылкы өзөктүк келишимдеги өз милдеттерин аткарышы керек. Бул тууралуу 20-апрелде Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Твиттерге жазды.

Мурдараак АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон өзөктүк келишимди кескин сындаган эле.

Иран өзөктүк программасын чектеп, АКШ баштаган ири өлкөлөр менен мунасага келгенден кийин Батыштын көп жылдык экономикалык санкциялары четинен алына баштаган. АКШ Конгресси бирок санкцияларды сактап калган эле.

Бирок Тиллерсон 19-апрелде ал мунаса "өзөктүк куралсыз Иран деген максатына жетпейт" деген эле. Бул ойду талапкер кезинде АКШ президенти Дональд Трамп да айтып келген.

Тегеран өзөктүк курал жасоого умтулбасын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG