Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Париждеги кол салууда полиция каза болду


Париж
Париж

Париждин борборундагы кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, экөө оор жарадар болду. Мурдараак дагы бир полиция каза болгону кабарланып, кийин Франция бийлиги ал маалыматты жокко чыгарган. Кол салгандардын бирин полиция атып өлтүргөн, анын тек-жайы аныктала элек. Экинчи кишиге издөө салынды. Анын Белгиядан поезд аркылуу келгени айтылууда.

Акыркы маалыматка караганда, белгисиз адам Елисей аянтында турган полициянын машинасына ок чыгарган. Франциянын Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы тууралуу айтуу азырынча эрте экенин айтты. Кылмыш болгон жер курчоого алынды. Полиция кызматкеринин өлүмү үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекетти” террордук уюму алганын Би-би-си жазды.

Президенттикке талапкер Франсуа Фийон жана Марин Ле Пен шайлоо кампаниясын токтотту. Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру 23-апрелде өтөт. Өлкөдө 2015-жылдагы теракттардан кийин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Анда 130дай киши каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG