Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Президенттикке талапкерлердин шайлоо плакаттары, Париж.
Президенттикке талапкерлердин шайлоо плакаттары, Париж.

Францияда президенттик шайлоонун биринчи туруна саналуу күн калганда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 18-апрелде Париждин прокуратурасы теракт уюштурууну пландап жаткан эки кишинин кармалганын билдирген.

Франциянын ички иштер министри Маттиас Фекл шайлоонун эки айлампасы өтчү күндөрү коопсуздукту камсыздоого 50 миңден көп полициячы жана аскерлер тартыларын, террордук чабуул коркунучу болуп көрбөгөндөй жогору экенин шейшемби күнү билдирди.

Түздөн түз өкмөт башчыга баш ийген Коргоо министрлиги менен улуттук коопсуздук мекемесинин атайын тобу ушул июнга белгиленген парламенттик шайлоого чейинки атайын коопсуздук планын иштеп чыгышкан.

Чоо-жайы жашыруун сакталган планда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери маалында, өзгөчө аймактарга каттоосу учурунда алардын коопсуздугун камсыздоо каралган.

Президенттикке талапкер Марин Ле Пен
Президенттикке талапкер Марин Ле Пен

Маселен, чоң митинг-жыйын, талапкерлер менен жолугушууларга келгендер өздөрү, колундагы баштыктары тыкыр текшерилүүдө. Андан тышкары чалгындоо кызматтары шектүү адамдар жөнүндө маалымат жыйноо менен алектенип жатат. Бир нече талапкердин, айрыкча Франсуа Фийон менен Марин Ле Пендин шайлоо штабдары катуу кайтарууга алынды.

18-апрелде Париждин прокурору Франсуа Молен кол салууну даярдап жаткан деген шек менен кармалган франциялык эки жарандын үйүн тинтүүдө үч килограмм жардыргыч зат, курал-жарак, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун желеги, жихадчылардын адабияты табылганын маалымдаган.

23 жана 29 жаштагы шектүүлөрдү түштүктөгү Марсель шаарында полициянын атайын бөлүгү жана чалгындоо кызматынын өкүлдөрү кармаган.

Маалыматка караганда, алар Парижде 2015-жылдын ноябрындагыдай кылып, карапайым адамдарга кол салууларды уюштурууну көздөгөн. Коопсуздук кызматкерлери аларды бир нече күн бою аңдып жүрүшкөн.

- Клеман Б. деген киши жашаган жерин улам-улам өзгөртүп, башка ысымдарды колдончу. Мисалы, Бельгиядагы Вервьер деген жерде жашап, кийин Франция, Бельгия, Германиянын аймагында жүрөт делген чечен жихадчынын атын алганы бар. Бельгиянын чалгындоо кызматы анын ошол жердеги жихадчылар менен байланыштарын иликтөөнү баштаган, - деди прокурор Молен.

Тартип коргоочулар "эки шектүү адам түрмөдө отурган кезде радикалдардын идеяларына сугарылган" деп айтышууда.

Өткөн жылдын декабрында Франция парламенти Париж теракттарынан кийин киргизилген өзгөчө кырдаалды ушул июлга чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган.

Чукул кырдаал режими бийликке массалык демонстрацияларга тыюу салууга, коомдук жайларды жабууга, айрым райондордо жол кыймылын чектөөгө уруксат берет. Бирок мындай чараларга карабай, бир нече кол салуулардын алдын ала алышкан жок.

Француз полициясы шектүүлөрдү кармоо операциясында. 18-апрель, Марсель
Француз полициясы шектүүлөрдү кармоо операциясында. 18-апрель, Марсель

Президенттикке талапкер, борборчул Эмануэл Макрон Марсель шаарындагы камоодон кийин террордук коркунуч алдында өлкөнү биримдикке чакырды:

- Кол салууну көздөгөндөр Франция коомун бөлүп-жарууну каалайт. Бизди бириктирген принциптерге, анын ичинде демократияга сокку ургулары келет. Дүрбөлөңгө түшпөй, сак болууга, республикачыл духубуздан тайбоого тийишпиз. Бизди бириктирген баалуулуктар алда канча күчтүү.

Макрон жана ашынган улутчулдар партиясынын лидери Марин Ле Пен сурамжылоолорго караганда, шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн. Бирок оңчул консерватор Франсуа Фийон жана ашынган солчул Жан-Люк Меланшондун алардан ажырымы анча чоң эмес.

Ошол эле маалда элдин катышуусу шайлоодо төмөн болчудай. “Элаб” изилдөө борбору дүйшөмбү күнү сурамжылоого тартылгандардын 68 проценти гана 23-апрелде добуш берүүгө катышарын айтышканын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG