Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Францияда саясий жаңжал тутанды


Франсуа Фийон
Франсуа Фийон

Францияда президенттик шайлоо алдында саясий чыр чыкты. Эң күчтүү талапкерлердин бири Франсуа Фийондун аялы мыйзамсыз жол менен 500 миң евро айлык алган деп шектелди. Өлкөнүн прокуратурасы гезитте жарыяланган маалымат боюнча текшерүү баштаганы маалым болду.

Францияда май айында президенттик шайлоо болот. Азыркы президент Франсуа Олланд рейтинги төмөн болгондуктан, анын ордуна солчулардан башка талапкер чыкмакчы. Алар учурда талапкерин аныктоо менен алек болуп жатат.

Президент Олланд менен катар анын Социалисттик партиясынын да рейтинги төмөн. Аларга караганда борбор-оңчул Республика партиясынын бедели жогору болуп, алар өткөргөн праймеризде мурунку өкмөт башчы Франсуа Фийон жеңип чыккан.

Бирок Франциянын Le Canard enchine басылмасы иликтөө жасап, Франсуа Фийондун жубайы Пенелопа Фийон 1998-жылдан 2002-жылга чейин күйөөсү парламент мүчөсү кезинде анын жардамчысы болуп кызматка алынып, бирок эч кандай иш аткарбай эле 500 миң евро айлык акы алган деп жазып чыкты.

Франсуа Фийондун өкүлү Бруно Ритайо адвокат тийиштүү документтер менен финансылык прокуратурага токтоосуз барат деди:

- Франсуа Фийондун адвокаты өтө эртелеп, финансылык прокуратуранын эшиги ачылар замат барат. Ал сөзсүз тийиштүү документтерди ала барат, анткени бул өтө олуттуу нерсе. Франсуа Фийон саясатта 30 жылдан бери жүрөт. Бирок бир дагы жолу жаңжалга кабылган эмес. Эми президенттик шайлоого үч ай калганда, ал жекшемби күнү маанилүү сөз сүйлөр алдында бул иш чыгып отурат.

Францияда мамлекеттик кызматкердин жакын тууганын же үй-бүлө мүчөсүн жардамчысы катары кызматка алууга мыйзам жол берет. Бирок маселе Пенелопа Фийон иштебей эле айлык алган деген маалыматта жатат. Эгерде ал тийиштүү факты жана далилдер менен төгүндөлбөсө, анда Франсуа Фийондун өзүн жоопко тартуу маселеси чыгары айтылууда.

Республика партиясынын талапкери мына ушундай жаңжалга кириптер болуп жаткан учурда, алардын атаандашы социалисттер талапкерин аныктоодо. Социалисттик партия праймеризинин биринчи турун 23-январда өткөрүп, анда мурунку өкмөт башчы Мануэл Вальс жана мурунку билим берүү министри Бенуа Амон экинчи турга чыкты. Экинчи тур 29-январда болот.

Анын алдында тарапкерлери менен жолугушкан Бенуа Амон эски жолдон баш тартышыбыз керек деди:

- Бул өнөктүктүн жүрүшүндө мен Франция калкы менен жолугуштум, сиздер менен жолуктум. Сиздер менен баарлашуулардан кийин эски жолдон, эски саясаттан жана эски чечимдерден баш тартышыбыз керек, алар жараксыз деген жыйынтыкка келдим.

Бенуа Аммон биринчи турда негизги атаандашы Мануэл Вальстан көп добуш алган. Вальс экинчи турга чыгууну жаңы өнөктүк деп атап, майдагы шайлоодо жеңе ала турган талапкерди тандоого чакырды:

- Түндөн тарта жаңы өнөктүк башталды. Менин кымбаттуу мекендештерим, сиздердин алдыңыздарда сөзсүз жеңилүүнү же мүмкүн болуучу жеңишти, финансылык жактан бекемделбеген жана эч качан аткарылбай турган убадаларды же мамлекеттик жоопкерчиликти сезген, ишенимге ээ солчулдукту тандоо мүмкүнчүлүгү турат.

Франция президенттик шайлоосуна борбор-оңчул республикачылар, солчул социалисттерден сырткары ашкере оңчул Марин Ле Пен, көз карандысыз талапкер катары мурунку экономика министри Эммануэл Макрон жана башка жалпысынан онго жакын талапкер ат салышууну көздөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG