Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Франция: президенттикке талапкерлер иргелүүдө


Франсуа Фийон
Франсуа Фийон

Францияда Республика партиясынан президенттикке талапкер тандалды. Жекшемби күнү өткөрүлгөн праймериздин экинчи айлампасында Франсуа Фийон алдыга чыкты.

Келерки жылы жазында өтө турган шайлоодо Фийондун негизги атаандашы ашкере-оңчул Мари Ли Пен болору айтылууда. Ал эми бийликтеги социалисттик партия талапкерин январда аныктамакчы.

Жекшемби күнү өткөрүлгөн праймериздин экинчи турунда борбор-оңчул Республика партиясынан Франциянын президенттигине талапкерлик үчүн мурдагы өкмөт башчылар Франсуа Фийон жана Ален Жюппе ат салышты. Анда Фийон 66.5% добуш алса, Жюппе 35.5% алды.

Праймериз жыйынтыгынан кийин Ален Жюппе атаандашын куттуктады:

- Мен Франсуа Фийонду ишенимдүү жеңиши менен куттуктайм. Оңчул жана борборчул күчтөрдүн праймеризи уюштуруучулардын аракети менен жогорку деңгээлде өттү. Мен аларга салам жолдойм. Убада кылгандай мындан ары Франсуа Фийонду колдойм. Май айында боло турган президенттик шайлоодо ага ийгилик каалайм.

Праймериздин биринчи туруна Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози да катышкан. Бирок ал аз добуш чогултуп, өзү президент кезинде Франция өкмөтүн башкарган Франсуа Фийонго колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Франсуа Фийон праймериздеги жеңиштен кийин кырдаалдын кандай экенин жана адамдар андан эмне күтүп жатканын түшүнөрүн, максаты тууралуу айтып кетти:

- Менин максатым - Францияны көтөрүү. Ал татыктуу болгон деңгээлге жеткирүү. Эгерде 2017-жылы жеңишти колго алсак, өлкө алдыга кетет деп ишендирем. Анткени өз келечегине умтулган элди эч нерсе токтото албайт.

Франсуа Фийон шайлоо программасында мамлекеттик кызматкерлердин санын 500 миң кишиге кыскартып, миграция агымына бөгөт коерун билдирген. Ал эми тышкы саясатта орус президенти Владимир Путинге жакындыгы менен көңүлгө алынууда. Ал Сирия чатагында Франциянын саясаты ийгиликсиз болду деп, аны жөнгө салууда жана терроризмге каршы күрөштө Орусия менен кызматташууну жактайт.

Май айында боло турган президенттик шайлоодо Франсуа Фийонго ашкере оңчулардын лидери Мари Ли Пен айым жана бийликтеги Социалисттик партиядан талапкер чыгууга тийиш. Социалисттик партиянын өкүлү Франсуа Олланд учурда президент. Бирок калк ичинде анын популярдуулугу өтө төмөн болууда. Бул партия январь айында праймериз өткөрүп, талапкерин тандайт. Азырынча Франсуа Олланд экинчи мөөнөткө барар-барбасын айта элек. Француз саясат таануучулары социалисттерден праймеризге өкмөт башчы Мануэл Вальстын талапкер болуп чыгышы мүмкүн экенин божомолдошууда.

Франциянын “Улуттук фронтунун” лидери Мари Ли Пендин популярдуулугу 25-30% жетип, ал президенттик шайлоодо экинчи турга чыгышы мүмкүн.

Эгерде Франсуа Фийон менен Мари Ли Пен президенттик шайлоодо экинчи турга чыга турган болсо, анда Социалисттер партиясы да Республика партиясынын талапкери Фийонду колдоп чыгышы толук ыктымал. Анткени Франциянын саясий чөйрөсү ашкере-оңчул Мари Ли Пенди президенттикке жеткирбөөнү көздөйт. Ал эми Мари Ли Пен өз кезегинде Дональд Трампка окшош талапкер экенин, Трамптай эле ал дагы саясий истеблишменттин мүчөсү эмес экендигин айтып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG