Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Трамп айрым убадаларын артка алды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өнөктүк учурунда берген айрым убадаларын артка алды. Баяндамачылар муну шайлоо риторикасы менен реалдуу саясат ар убак айырмаланары менен чечмелеп жатышат.

Президенттик кызматына келерки жылдын 20-январында киреше турган Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда аны кескин сындаган, өзү да атаандашы Хиллари Клинтонго жан тартып жатат деп айыптаган абройлуу “Нью-Йорк Таймс” гезитинин журналисттери менен кечээ редакцияда жолугуп, аларга интервью берди.

Учурда болочок администрациясын куроо менен алектенип жаткан Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда көтөргөн жана берген убадаларынын айрымдары боюнча көз карашын өзгөртө баштаганы мына ошол маектешүүнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Эл аралык саясатка тиешелүү маселелерден шайлоо учурунда берилген убадалардын бири - АКШны климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишиминен чыгаруу эле.

Глобалдык жылуулуктун мындан ары күчөшүн алдын алып, бул кылымдын соңуна карата индустриалдык доорго чейинки орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градуска ашырбоону максат кылган келишимге дүйнө өлкөлөрү былтыр жетишкен.

Абэ Трамп менен жолугууга ашыкты

​Абэ Трамп менен жолугууга ашыкты

Синзо Абэ Трампты шайлоодогу жеңишинен кийин телефон чалып куттуктаган саналуу дүйнө лидерлери арасында болгон. Бирок буга чейин АКШга быйыл сентябрга барган кезинде президенттикке эки талапкердин ичинен Демократиялык партиянын өкүлү Хиллари Клинтон менен гана кездешкен болчу.

Ал эми ушул айдан тарта расмий күчкө кирген келишимди дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикалары, ошондой эле булганыч газдардын эң ири бөлүүчүлөрү: АКШ менен Кытай ич ара мунаса тапкандан кийин гана ратификациялашкан.

Эми шайланган президент Дональд Трамп “Нью-Йорк Таймстын” журналисттери менен маегинде өнөктүк учурунда бул маселе боюнча берген кескин убадасынан кетенчиктеп, ал дагы глобалдык жылуулук менен адам ишмердигинин тикелей байланышы бар деп ойлорун ишара кылды.

АКШны Париж келишиминен чыгаруу же чыгарбоо маселеси ар тараптуу жана кылдат караларын белгиледи.

Трамп ошондой эле тышкы саясаттын маселелеринен Орусия менен алака-катыштын келечеги боюнча суроолорго жооп берип жатып, Вашингтон менен Москванын кызматташтыгы жакшыруусу керек, өзгөчө Сирия жана терроризмге каршы күрөш боюнча деген мурдагы турумун кайталады.

Сириянын алты жылдан берки жарандык согушун токтотуу боюнча “күчтүү идеялары” бардыгын айтып, бирок анын чоо-жайын чечмелеген жок. Трамп ошондой эле Орусия менен мамиледе “кайра жандыруу” деген аныктаманы колдонбой турганына да токтолду.

Орусия-АКШ алакасын “кайра жандыруу” деген түшүнүк президент Барак Обаманын биринчи мөөнөтүнүн башталышына туура келип, бирок Украина, Сирия кризистеринен бул аракет оңунан чыкпай, азыр карым-катыш Кансыз согуш доорунан берки эң төмөнкү деңгээлде турат.

Трамп “Нью-Йорк Таймс” менен маегинде шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтонго каршы эч кандай чара көрбөй турганын да ырастады. “Мен Клинтондорго эч кандай залака келтиргим келбейт, муну такыр каалабайм, ал көп нерседен өттү, көп кыйынчылыктарды баштан кечирди”,- деди Трамп. Бул сөздөр да шайланган президент өнөктүк учурундагы убадасын артка алганынын белгиси.

Буга чейин Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде жеке электрондук даректи колдонуп, мыйзам бузганы үчүн "түрмөдө отурушу" керек деген сөздөрдү айткан Трамп президенттикке келсе атайын прокурор дайындап, бул ишти дагы иликтөөгө берерин билдирген эле. Шайлоо митингдери учурунда Трамптын Клинтонго каршы сөзүн жактоочулары “ал камалсын” деген ураан, чакырыктар менен коштоп турушкан.

Бул нерсе америкалыктар арасында өлкөнүн демократиялык системасын дестабилдештирүүсү ыктымал көрүнүш катары тынчсыздануу да жараткан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG