Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

АКШ Чыгыш Европага оор куралдарын алып келеби?


АКШнын Европага аскерий машыгуулар үчүн алынып келинген танктары. Германия, 20-март, 2015-жыл.
АКШнын Европага аскерий машыгуулар үчүн алынып келинген танктары. Германия, 20-март, 2015-жыл.

Америкалык гезиттердин жазганына караганда, АКШ бул аймакка оор куралдарын алып келүү менен Орусиянын Украинадагы аракеттеринен кооптонгон өнөктөштөрүн тынчтантууну көздөйт.

Кошмо Штаттар Чыгыш Европанын жана Балтиканын бир нече өлкөсүндө эми танктарын, кургактагы аскерлердин брондуу уналарын жана башка оор техникасын жайгаштырууну мерчемдеп жатканын “Нью-Йорк Таймс” басылмасы америкалык жана ага өнөктөш өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап жазып чыкты.

Маалыматка караганда аймакка алып келинүүчү ал аскерий техника менен оор куралдар эң көп дегенде 5000 аскерге жете турган болот.

“Нью-Йорк Таймс” белгилегендей, эгер бул сунуш колдоо тапса, “Кошмо Штаттар кансыз согуш доору аяктагандан бери биринчи ирет НАТОнун Чыгыш Европада, мурда советтик таасир көргөзүү чөйрөсүндө турган жаңы мүчө өлкөлөрдүн аймагына оор куралдарды биринчи ирет жайгаштырууга барат".

Бул абройлуу басылманын пикиринде, Пентагондун жогорудагы кадамы “Вашингтон менен НАТОнун Москванын Европадагы ыктымал агрессиясын ооздуктоо үчүн көргөн бир катар чараларынын эң олуттуусу да болот”.

Өзү НАТОнун Чыгыш Европадагы айрым мүчөлөрүнүн, айрыкча Орусия менен чектешкен Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери Крымдын анннексиясынан жана Украинадагы жаңжалдан улам алардын коопсуздугуна коркунуч бардыгын утур-утур айтып, алар үчүн коопсуздукту чыңдоо багытындагы жардамды күчөтүүнү суранып келе жатышат.

Маселен, Литванын премьер-министри Альгирдас Буткявичюс Кошмо Штаттардын Балтика өлкөлөрү менен Чыгыш Европада оор техникасын топтоштуруу планы жөнүндөгү жаңы маалыматты комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Мен бул чечимди туура көрөм. Балтика аймагы үчүн коркунучтар күчөдү. Бул маселе абдан көп жолу талкууланды. Эми ошол сөздөрдүн конкреттүү чечимдерге, менимче, реалдуулукка айланып жатышы оң көрүнүш. Калкыбыздын коопсуздугун камсыздоо биз үчүн абдан маанилүү.

Бул аралыкта Польшанын Коргоо министрлиги 14-июнда алар АКШ менен америкалык армиянын курал-жарак кампаларын Польшада жайгаштыруу маселесин талкуулап жаткандыктарын ырастады.

Поляк тараптын маалыматына караганда, коргоо министри Томаш Семонякты өткөн айда Вашингтондогу сапары учурунда америкалык тарап кампаларды жайгаштыруу маселеси жакын арада чечилерине ишендиришкен.

Варшава Вашингтондон жыйынтык жооп саналуу апта ичинде болот деп күтүп жатканын 15-июнда министр Семоняк өзү да айтты.

“Нью-Йорк Таймстын” жазганына караганда, Балтиканын үч өлкөсү: Литва, Латвия, Эстониянын ар бирине 150 аскерге жетерлик техника жана жарак – жабдык алынып келинмекчи.

Ал эми 750 аскерге же балким бир батальонго жетерлик оор куралдар жана техника Польша, Румыния, Болгарияда, балким Венгрияда жайгаштырылуусу мүмкүн.

“Таймс” басылмасы АКШнын мерчемделип жатат делген бул чарасы боюнча НАТОнун мурдагы колбашчысы, отставкадагы адмирал Джеймс Ставридистин (James G. Stavridis) пикирин келтирет.

Ал бул кадамды саясаттагы “маңыздуу бурулуш” жана "нерви чыңалып турган" өнөктөштөрдү тынчтантуу деп чечмелеген.

Латвияда АКШ аскерлери танктары менен катышкан аскерий машыгуу. 7-май, 2015-жыл.
Латвияда АКШ аскерлери танктары менен катышкан аскерий машыгуу. 7-май, 2015-жыл.

Пентагондун расмий өкүлү болсо “Нью-Йорк Таймстын” макаласы боюнча “акыркы жылдары АКШ армиясы НАТОдогу өнөктөштөр менен машыгуулар үчүн жарак–жабдыктарды орун которуштурууну күчөткөнүн" белгиледи.

Пентагондун басма сөз катчысы, полковник Стив Уаррендин айтымында, АКШ армиясы жарак–жабдык туруучу жерлерди кайра кароо боюнча өнөктөштөр менен консультацияларды али улантууда.

Бирок аларды качан жана кайсы жерге жылдыруу боюнча чечим азырынча кабыл алына элек.

“Таймстын” жазганына караганда, Пентагондун сунушу али коргоо министри Эштон Картердин жана президент Барак Обаманын жактыруусун талап кылат.

Маселе НАТОнун коргоо министрлеринин ушул апта соңундагы кеңешмесинде да талкууланчудай.

Кремлдин өкүлү АКШ Чыгыш Европада эми оор куралдарды сактоону мерчемдеп жатат деген маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартты.

Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, расмий Москва бул маселе боюнча позициясын АКШдан расмий билдирүү болгондон кийин гана комментарийлейт.

Бирок Орусиянын Коргоо министрлигин өкүлү АКШнын пландалып жатат деген бул чарасын "Пентагон менен НАТОнун кансыз согуш доорунан берки эң агрессивдүү кадамы" катары сынга алды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG