Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Юнкер ЕБнын өз армиясын түзүүнү сунуш кылды


Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер

Европа биримдигинде өз куралдуу күчтөрү болуусу абзел. Мындай сунушту Биримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Германиянын Welt am Sonntag гезитинин 8-марттагы санына жарыяланган маегинде ортого салды.

Бирдиктүү армия түзүлсө, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр арасында эч качан согуш болбосун дүйнөгө шардана кылат дейт Юнкер.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жалпы европалык армияны түзүүгө үндөдү. Анын Германиянын Welt am Sonntag (Дүйнө жекшемби күнү) гезитине басылган интервьюда айтышынча, орток армия Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө, ошондой эле коңшу мамлекеттерге жаралган коркунучка тез жооп берүүнү мүмкүн кылат.

Жалпы европалык армияны түзүү идеясына Орусиянын 2014-жылы мартта Крымды Украинадан жасалма референдумга шылтап, өзүнө кошуп алуусу, Донецк жана Луганск облустарын Киевдин амиринен бөлүп кетүүгө бел байлаган жикчилдерди Москванын аскерий-техникалык жактан колдоосу түрткү бергени интервьюдан айкын көрүнөт. Анткени мындай армия, Жан-Клод Юнкердин оюнча, Евробиримдиктин өз баалуулуктарын коргоого олуттуу мамиле кылганын Орусияга түшүндүрөт жана Биримдиктин өлкөлөрү арасында эгерим уруш чыкпасын дүйнөгө көрсөтөт.

Украинадагы орусиячыл жикчилдер
Украинадагы орусиячыл жикчилдер

Анын айтымында, жаңы долбоор Биримдикке кирген 28 мамлекеттин жаңы куралдарды жасоодо жана сатып алууда өз ара кызматташуусун жакшыртып, чоң кирешеге жол ачат.

Еврокомиссиянын төрагасынын басма сөз өкүлү Маргаритис Шинас кабарчыларга Юнкер бул идеясын мурда эле үгүттөп жүргөнүн айтып, Евробиримдикте жумшак күч же демократия күчтүү экенин эске салып, анын интервьюсунан шилтеме окуду.

- Бул жерде төрага Юнкердин сөзүн окуй кетейин: “Коопсуздук жана коргонуу жөнүндө кеп болгондо, биз Европаны дагы күчтүү кылышыбыз керек деп эсептейм. Ырас, Европада негизинен жумшак күчү (a soft power) бар. Бирок жумшак күчтүн эң кубаттуусу да узаккы болочокто коргонуу потенциалын бириктирүүгө аргасыз болот.

Маргаритис Шинас 9-марттагы маалымат жыйынында НАТО менен атаандаштык жөнүндө эч кандай сөз жок экенин, кептин төркүнү Европа дүйнөдө болуп жаткан окуяларда азыркыдан чоң ролду ойношу керектигин баса белгиледи.

- Албетте бул маселелер талкууланып жатканда анын чордонунда башкы ролду НАТО ойноору талашсыз.

Шинастын билдиришинче, орток армия түзүлсө, европалыктар жылына 120 миллиард евро (135 миллиард доллар) үнөмдөйт экен.

Дебальцево, Украина
Дебальцево, Украина

Лондондо чыкчу Daily Telegraph басылмасы жазгандай, 2011-жылы Ливиядагы согушта Британия жана Франциянын аба күчтөрү негизги озуйпаны аткарган. Германия аскерий учактарга күйүүчү май жеткирүүгө да көнгөн эмес болчу. Бирок азыр Юнкердин сунушун Берлинде канцлер Ангела Меркел өзү баш болуп колдоду. Ал эми немистердин Stern ("Жылдыз") журналы идеяны доордун сенсациясы деп сыпаттады. “Бул кризистин жаңы очокторунун пайда болушуна кооптонуусун билдирип, бирок күнүмдүк түйшүгүнөн алыс кандайдыр бир нерсе катары кол шилтеп койгон Батыш европалыктарды ойготчу сигнал” деп жазат журнал.

Москва менен Батыш ортосундагы алака Украина кризисинен улам бери эң жаман абалда. Ага карабай, серепчилердин баамдашынча, жалпы европалык армияны курууга эң алды НАТОго мүчө Британия макул болбойт.

2007-жылы да кризистик жагдайда тез аракеттенчү европалык күчтөрдү түзүү сунушу айтылган бойдон калган.

Кээ бир талдоочулар Евробиримдик тышкы саясатта жана коопсуздук маселесинде жалпы бир позицияны карманмайын, орток армия түзүү ишке ашпаган куру кыял бойдон кала берет дешет. Ошон үчүн, алардын пикиринде, Москванын омуроого салма саясатына НАТОну саясий жана аскерий жактан кубаттандыруу туура жооп болот.

Азыр Евробиримдикке 28 өлкө кирсе, алардын 22си НАТОго мүчө. Орусия Крымды басып алгандан кийин НАТО өз мүчөлөрүн 10 жыл ичинде аскерий бюджетин ички дүң жыйымынын 2 процентине чыгарууга милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG