Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Франция: беш талапкер эл сынында


Франциядагы талапкерлердин алгачкы дебаттардын жеңүүчүсү деп байкоочулар борборчул Эммануэл Макронду аташууда. Ал эми шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү шайлоого катышарын ушул күнгө чейин так айта албаса, жарымы апрелдеги президенттик шайлоодо кимге добуш беришээрин дагы эле чече элек.

Шайлоого беш апта калган учурда франциялыктар үч саат бою фаворит катары аталган беш талапкердин эрөөлүнө күбө болуп, алардын тигил же бул маселе боюнча ойлорун, көз караштарын, идеяларын жана программаларын тикелей салыштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Рекорддук 10 миллиондой киши көргөн түз эфирдеги дебатта талапкерлер билим берүү, коопсуздук, секулярдуулук, экономика, социалдык коргоо жана башка ички маселелер менен катар тышкы саясат боюнча сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

Байкоочулар эрөөлдө мурдагы экономика министри, борборчул Эммануэл Макрон эмоция, кызуу кандуулукка алдырбай, өзүн жакшы көрсөтө алды дешет. Муну менен ал, сурамжылоолор бышыктагандай, алдыңкы позицияларын бекемдөөгө жетишти.

Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

Ашынган солчулдардын талапкери Жан-Люк Меланшон да мыкты чечендиги, орундуу, таамай айтылган тамаша сөздөрү менен көрүүчүлөрдү тарта алды. Ал эми ашынган Улуттук фронттун лидери Марин Ле Пен өтө агрессивдүү болсо, оңчул Франсуа Фийон айрым учурларда темадан алыстап жатты. Бийликтеги социалисттердин өкүлү Бенуа Амон партиянын негизги тезистерин кайталап эле келди жана көрүүчүлөрдөн эң төмөн баа алды.

"Ле Монд" гезити жазгандай, буга чейинки бир да шайлоо кампаниясы бул жолкудай карама-каршылыктуу болгон эмес.

Жеңүү шансы жогору бааланып келген мурдагы өкмөт башчы Фийон менен Ле Пендин талапкерликтерине соттук териштирүүлөр көлөкө түшүрүп келатат. Ле Пен күтүлгөндөй эле ксенофобиялык сөздөрүн, мигранттарды кабыл алууну токтотуу убадасын кайталап, Франция көп маданияттуулук идеясынан баш тартууга тийиш экенин айтты.

Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

Макрон буга Улуттук фронттун лидери өлкөдө жашаган бардык мусулмандарды душманга айлантууну каалайт деп жооп кайтарды.

Экөө буркини же айрым мусулман аялдар жайкысын кум жээкте кийген сууга түшүүчү кийимдин айланасында талаша кетишти.

- Буркининин секулярдуулук маселесине эч тиешеси жок. Бул – маданият эмес, коомдук тартип маселеси. Коомду бөлүп-жарууну каалагандардын тузагына түшкүм келбейт, муну секулярдуулук жөнүндөгү чоң талкууга айлантуунун кажети жок. Провокацияларыңар менен ошол тузакка түшүп, коомду бөлүүнү, исламды туткан 4 миллион франциялыкты республиканын душмандарына айлантууну көздөйсүз. Мен буга “жок” деп жооп берем, - деди Макрон.

Ле Пен ошондой эле Британиянын артынан Евробиримдиктен чыгууну максат кыларын айтып келатат:

- Мен Франция жумуриятынын президенти болууну каалайм. Европа биримдигинин бир чөлкөмүнө айланган жердин эмес, Франциянын президенти. Ангела Меркелдин вице-канцлери болгум келбейт.

Ал эми шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү шайлоого катышарын ушул күнгө чейин так айта албаса, жарымы апрелдеги президенттик шайлоодо кимге добуш беришээрин дагы эле чече электигин айтышат. Биринчи дебат позицияларын аныктоого жардам берген жок дегендер да көп.

Президенттик шайлоо 23-апрелде өтөт. Анда бир да талапкер добуштардын жарымынан көбүн ала албаса, жеңүүчү 7-майда экинчи айлампада аныкталат.

Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, биринчи турда Ле Пен 25 проценттей алышы мүмкүн, бирок экинчисинде Макрон же Фийонго утулат деп күтүлүүдө.

Шайлоого чейин дагы эки дебат өткөрүлмөкчү. Бардыгы болуп 11 талапкер катталган. Бирок эрөөлгө сурамжылоолордо мүмкүнчүлүктөрү жогору делгендер гана чакырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG