Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Жалал-Абадда дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.
Сузак районундагы Көк-Арт дарыясы.

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда сел жана көчкү коркунучуна байланыштуу Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун жана фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, дарыгерлер жана фельдшерлер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте күзөттө турушат. Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медициналык борборунун базасында күнү-түнү иштеген штаб түзүлдү. Жарандык коргонуунун медициналык кызматы да катуу тартипте иштөөгө өттү.

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын көп болуп, дарыяларда суу көбөйдү, ташкындоо, сел жана жер көчкү коркунучу күч алды. Азыр суу жээктерин бекемдөө иштери уланууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG