Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Бишкекте цирктин жатаканасында жашагандар чыгарылууда


Жатакананын жашоочуларын чыгаруу аракети. 21-апрель.
Жатакананын жашоочуларын чыгаруу аракети. 21-апрель.

Бишкекте цирктин имаратында жашаган отуздан ашуун үй-бүлө чыгарылууда.

Цирктин жетекчилиги берген маалыматка караганда, ал жердеги 56 үй-бүлөнүн 15и циркте иштейт. Калгандары мыйзамсыз жашап жатат деген негизде имаратты бошотуу талап кылынууда.

21-апрелде Сот аткаруучулар департаментинин адистеринин катышуусунда жашоочуларды жатаканадан чыгаруу башталды. Алар сот чечими бар экенин белгилешти. Цирк жетекчилиги жатакананы оңдоо зарыл экенин негиз кылып жатышат.

Жашоочулар башка жакта үйү жок экенин, жатаканадан чыгышса көчөдө каларын белгилеп, 25-майга чейин жашап турганга уруксат сурашууда. Аталган жатаканадагылардын 118и балдар. (ZA\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG