Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Жапониядан келген унааларды дезактивдештирүү башталды


Кыргызстанга Жапониядан келген радиоактивдүү нурлары бар машинелерди 20-апрелден тарта тазалоо (дезактивдештирүү) жараяны башталды. Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүркулов "Азаттык" радиосуна бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому 2016-жылдын 21-ноябрында чыкканын билдирди.

Радиоактивдүү нурлары бар унаалар Чүйдөгү "Аламедин-1" бажы көзөмөл аймагында текшерилип жатат.

Кыргызстанда радиоактивдүү унаалар 2011-жылы Жапониядагы "Фукусима-1" АЭСиндеги авариядан кийин пайда болгон.

Сырттан кирген машинелерди текшерүү боюнча 2012-жылы атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын маалыматына ылайык радиоактивдүү нурлары бар үч автоунаа 2012-жылы, 34ү 2013-жылы, 70 унаа 2014-жылы келген. Соңку расмий маалыматтар боюнча, "Түндүк" темир жол бажыканасынын аймагында 183 зыяндуу нурлуу машинелер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG