Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Аба ырайы: жамгыр жаайт


22-апрелден 26-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 71-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда, Барскоон жана Сөөк ашууларында, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон ашуусунда кар күрткү болуп, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел коркунучу жогору, дарыяларда суу кирет.

22-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден,15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Суусамырда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бишкекте 22-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын табы түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG