Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

"Ата Мекен" өкмөттүн отчетун жактырган жок


Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү
Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча отчетун "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Фракциянын бүгүнкү жыйынында вице-премьер-министр Олег Панкратов баяндама жасап, суроолорго андан тышкары министрликтердин, мекемелердин жетекчилери жооп беришти. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев "өкмөттүн жасаган иштерин айтпай, социалдык сурамжылоолорду, эл аралык эксперттердин маалыматын кайталап жатасыңар" деп айтса, Сайдулла Нышанов "он жыл мурда жазылган отчет оңдолбой алып келинди" деген нааразылык билдирди.

Депутат Иманалиев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушуна каражат 2014-жылдын май айында бөлүнгөнүн, андан бери алынган кредиттин пайызы өсүп жатканын, бирок курулушту создуктурганы үчүн эч ким жоопкерчилик тартпай жатканын белгиледи. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов тендер өткөрүүдөгү чырларга байланыштуу курулуш создукканын айтты.

Депутат Садык Шер-Нияз өкмөт маданиятка акча бөлбөй жатканын, быйыл кино тартууга бир да тыйын бөлүнө электигин айтып чыкты. Ошондой эле Чүй облусунун Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынан жабыркагандарга кенемте төлөө кечиккенин айтып, мамлекеттик комиссиянын иши чабал деген сынга министр Калилов жабыркагандарга максималдуу компенсация алуу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Жыйында депутаттар өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү толук артка кеткенин белгилешти.

Өкмөттүн отчетунда 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганы, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40% инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5.1% көбөйгөнү, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөнү айтылган. Жогорку Кеңештеги фракциялар талкуулап бүткөн соң өкмөттүн отчету жалпы жыйында каралат. Cооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка келгенине 13-апрелде туура бир жыл болду. (NT/UEz)

XS
SM
MD
LG