Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Баткенде ирригациялык түйүн ачылды


Бүргөндү массиви
Бүргөндү массиви

Кадамжай районунун Актурпак айылындагы Бүргөндү массивинде бүгүн ирригациялык түйүн ачылды. Эки суу тосмосу менен дюкер, ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Өкмөттөн билдиришкендей, ирригациялык түйүн Баткен облусунда жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорунун алкагында курулган. Аны менен Бүргөндү массивиндеги 3850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Аталган долбоор 2013-2017-жылдардагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда жазылган.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Баткен жана Ош облустарында иш сапар менен жүргөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышты. Аларды президенттин коомдук кеңешчиси Икрамжан Илмиянов да коштоп жүрдү.

Сооронбай Жээнбеков Ош жана Баткен облустарына болгон сапарында Ош-Баткен-Исфана автожолунун жакын арада курулуш иштери баштала турган участкасын көрөт. Ош шаарында Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) каржылаган футбол академиясынын жана бокс мектеп-интернатынын курулушу менен таанышат. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG