Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:55

Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 21-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн отчетун уккан учурда билдирди. Анын айтымында, жүк ташыган автоунаалардан ашыкча жүк үчүн алынган акчанын 30 пайызы сол чөнтөккө кетет. Ушул маселени чечүү үчүн жолдордогу салмак-габариттик көзөмөл жайларына электрондук таразалар коюлат.

Былтыр парламенттин Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитети салмак-габариттик көзөмөлдү иликтеген жумушчу топ түзүп, “Төө-Ашуу”, “Кемин” жана “Ат-Башы” көзөмөл бекеттеринин жана көчмө мобилдик топтордун иши менен таанышкан. Анын жыйынтыгында ашыкча жүк жүктөгөндөр жолду бузуп жатканы белгиленип, буга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген. Эрежени бузган автоунааларды кармап, жүгүн түшүртүп, жазага тартуу ордуна, алардан акча талап кылган фактылар бар экени айтылган.

Жүк ташуучу автоунаалар ченемден ашык жүк жүктөгөн учурда жобого ылайык, алардын ар бирине 12 миң сомго чейин айып пул салынат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG