Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Коррупциянын күчүнө жолдор күбө


Ош-Бишкек жолу
Ош-Бишкек жолу

Ашыкча оор жүк жүктөгөн автоунаалар жолдорду талкалап, өлкөнүн казынасына орду толгус зыян келтирүүдө.

Мына ушундай тыянакка келген депутаттык жумушчу топ Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу салмак-габариттик көзөмөл органындагы гүлдөгөн коррупциянын айынан жаңыдан курулган жолдор кейиштүү абалга кептелип жатканын белгиледи. Бул жагдайды иликтеген депутаттык топ көзөмөлдү күчөтүү жолго коюлбаса, бул департаментке карата катуу чара көрүү маселесин көтөрдү.

Журналдын арасына “жуурулушкан” пара

Парламенттин Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитети салмак-габариттик көзөмөлдү иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн. Депутаттар жакында “Төө-Ашуу”, “Кемин” жана “Ат-Башы” сыяктуу салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин жана көчмө мобилдик топтордун иши менен таанышып чыгышкан.

Текшерүү учурунда жүк ташуучу автоунаалар ченемден ашык оор жүктөрдү алып өткөн учурлар катталган. Кытайлык “Хова” үлгүсүндөгү жүк ташуучу фуралар алтымыш тоннага чейин жүк жүктөп, жаңы эле басылган жолдун асфальтын бузган учурлар аныкталган.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу текшерүү учурунда кездешкен терс көрүнүштөр тууралуу буларга токтолду:

- Биз ашыкча жүгүн төгүп, андан ары жолун улаган бир дагы “Хова” көргөн жокпуз. Аны карагандар тиешелүү акчасын алып эле коё берип жатышат. Казакстанда болсо 200 килограмм ашыкча жүк чыгып калса, аны видеобайкагычтан карап, ошону дагы түшүртүп анан өткөрөт. Салмакты ченемге тууралаш үчүн жүгүн түшүрүп жолго чыгышат же башында эле өлчөп жүктөйт. Бизде андай эмес да. “Төө-Ашуу” өткөрмө бекетинен каттоо журналын сурасак, анын ичинен толтура акча чыкты. Акчаны каерге катарын билбей, ар жерге коё берип андагылар башы тегерене баштаптыр. Анан уялып кетип журналын кайра көтөрүп кетти. Муну биз өз көзүбүз менен көрдүк.

“Ала таякка” айланган тараза

Жумушчу топ жолчулар Бишкек-Ош, Ош-Гүлчө-Эркечтам жана Бишкек-Нарын-Торугарт сыяктуу ири магистралдык жолдордун бир башын оңдогуча, экинчи чети бузулган көрүнүштөргө күбө болгон. 2-3 жыл айланбай жаңыдан курулган жолдорду оңдоого бюджеттен жыл сайын миллиондогон сом бөлүнүп турат.

“Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Бактыбек Сыдыков Транспорт министрлигиндеги салмак-габариттик көзөмөлдүн ашкере коррупциялашкан органга айланганын мындайча мисал келтирди:

- Жолдорго чоң зыян алып келип жаткан мына ошол салмак-габариттик көзөмөл органдын өзү болуп жатат. Тоннелде тургандарга “МАИ кызматкерлеринин акча табуучу эмгек куралы ала таяк болсо, силердики көтөрүп алып жүрүүчү тараза жабдуусу тура” десем, “ооба” деп уялбастан жооп беришти. Бирок биз ушунчалыкка чейин жетип калыппыз. Бир айда болгону алты мыйзам бузуу таптык дейт. Азыр ар бир оор жүк ташыган автоунаа мыйзам бузуп, ашыкча жүк алып бара жаткан кезде айына алты факты дегенге ким ишенет? Демек 90% мыйзам бузуучулар менен булар келишип алып, акчасын алып коё беришүүдө.

Ишеним видеобайкагычта калды

Жүк ташуучу автоунаалар ченемден ашык жүк жүктөгөн учурда жобого ылайык алардын ар бирине 12 миң сомго чейин айып пул салынат. Бирок жүктөлгөн ашыкча жүк өткөрмө бекеттерден түшүрүлүп, айдоочуга башка катаал чаралар колдонулбайт. Ошондуктан айдоочулар жүктүн салмагын көзөмөлдөөчү бекет кызматкерлери же көчмө топтор менен келишип алган учурлар кездешерин Транспорт министрлиги деле четке какпайт.

Министрликтин Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиев буга чейин көрүлгөн чаралар жыйынтык берген жок деп алакан жайды:

- Бул жерде чынында эле көп маселе бар. Акча берип, коё берген айрым учурлар бар деп жатышат. Бирок анын көпчүлүгү сөз гана. Анткени ошонун бардыгын тасмага тартып, ал аркылуу көзөмөлдөп туруу үчүн биз видеобайкагычтарды коюшубуз зарыл. Биз азыр мына ошол иштин үстүндө иштеп жатабыз.

Парламенттик жумушчу топ башында департамент жетекчисинин жоопкерчилигин кароону мерчемдеп, бирок кийин ага 15-сентябрга чейин убакыт берүү чечимине келди. Ошол мөөнөткө чейин ашыкча жүк жүктөп, жолдорду бузган көрүнүштөрдү ооздуктап, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлду.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Эмил Токтошев жаңыдан дайындалган транспорт министрине төмөндөгүчө кайрылды:

- Урматтуу министр, сиз жолчу катары жолдордун бузулганын көрүп жүрөгүңүз ооруса керек. Мен кечээ эле Ошко жүк ташып бараткан тааныштарыма чалып, текшерүүнүн абалын сурадым. “Акча берсең отуз тоннадан ашуун ашыкча жүк ташып кете берсең деле боло берет” дешти. Сырттан тешкерип барган сайын ошол талап кыла турган акчанын өлчөму жогорулап турат экен. Биз текшердик, эми ал акча дагы өсөт.

Парламент эрежени бузган автоунааларды кармап, жүгүн түшүртүп, жазана салуунун ордуна, алардан акча талап кылган фактыларга карата мындан ары келишкис чара көрүү талабын койду. Тыштан карыз алынган акчанын үчтөн бир бөлүгү жолдорго жумшалып жатканы белгиленип, көзөмөлдүн начардыгынан улам, асфальт бейчеки талкаланып жатканы мисалга алынды.

XS
SM
MD
LG