Ош шаарындагы мечиттердин кызматкерлери ибадатканалардагы эсеп-кысап иштерин жакшыртуу жаатында билимин өркүндөтүп жатышат.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, "Сулайман Тоо" мечитинин жыйындар залында шаардык казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Жанарбек Матиев аларга мүлктөрдү каттоо жана сактоонун жол-жоболорун, инвентаризациялоо иштерин үйрөтүүдө.
Мечитке келген садаканы шарият көрсөткөн тартипте жумшоо жана сарптоо боюнча маалыматтар берилди. Андан тышкары, казыяттын Ак-Буура батыш жана Чыгыш бөлүмүнүн баш имам-хатибдери жоопкерчилик жаатында сабак өтүштү.
Ош шаарында 59 мечит бар. (SE)