Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Цирк жатаканасынан тургундар чыкпай жатышат


Цирк жатаканасы
Цирк жатаканасы

Бишкекте цирктин имаратында мыйзамсыз жашаганы айтылган отуздан ашуун үй-бүлөнү ал жерден чыгаруу аракетинен жыйынтык чыга элек. 21-апрелде Сот аткаруу департаментинин жана цирк жетекчилигинин адистери келип, талапты айтышты. Бирок кээ бир жашоочулар эшиктерди ачкан жок.

Цирктин жетекчилиги берген маалыматка караганда, 56 үй-бүлөнүн 15и циркте иштейт. Калгандарынан мыйзамсыз жашап жатат деген негизде имаратты бошотуу талап кылынууда. Бул үчүн сот чечими бар экени айтылды.

Жашоочулар башка жакта үйү жок экенин, жатаканадан чыгышса көчөдө каларын белгилеп, айрымдары 25-майга чейин жашап турганга уруксат сурашууда. Аталган жатаканадагылардын 118и балдар. (ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG