Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Бишкекте "Китеп кербени" декадасы өтүп жатат


“Китеп кербени” декадасы
“Китеп кербени” декадасы

Бишкекте 23-апрелде белгиленчү “Дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата “Китеп кербени” декадасы өтүп жатат. 17-апрелде башталган иш-чара 10 күнгө уланат. Анын алкагында балдарды китеп окууга кызыктыруучу акциялар, басмаканалар арасында сынактар, китеп жармаңкелери болот.

Декада “Китеп окуган бала - Кыргызстандын жаркын келечеги” деген ураан алдында белгиленүүдө.

Басмаканалар арасындагы сынакта “Алтын мукаба” баш байгеси “Түлкү менен карышкыр”, “Арстан менен коен”, “Бээ менен карышкыр”, “Арстан менен коен”, “Карышкыр менен жылкы” сыяктуу сапаттуу балдар китептерин чыгарганы үчүн “Аркус” басмаканасына тапшырылды.

“Мурас” багытындагы байге Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык”, “Жеткинчек” багытындагы байге Токтосун Самудиновдун “Ар бакчадан бирден гүл”, “Өнөр" багытындагы байге Надырбек Алымбековдун 10 томдук чыгармалар жыйнагына ыйгарылды.

“Дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнү 1995-жылы ЮНЕСКОнун резолюциясынын негизинде белгиленген. Кыргызстанда 2002-жылдан бери майрамдалат. (ZA)

XS
SM
MD
LG