Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Трамп: Иран ядролук келишимдин идеясын сактабай жатат


АКШ президенти Дональд Трамп Иран бийлиги дүйнөлүк державалар кол койгон ядролук келишимдин “идеясын сактабай жатканын” айыптап, Вашингтон жакын арада буга жооп берерин билдирди.

Бул тууралуу Трамп 20-апрелде Италиянын премьер-министри Пауло Жентильони менен өткөргөн Ак үйдөгү маалымат жыйында айтты.

Бир күн мурда АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон макулдашуу Тегерандын атомдук мамлекет болуу дымагын гана кечеңдетип, бирок өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы чагымдарына бөгөт боло албайт деп билдирген. Ошол эле маалда 19-апрелде Мамлекеттик катчы Иран келишимдеги өз милдеттерин аткарып жатканын бышыктаган.

2015-жылдын июлунда Тегеран жана дүйнөлүк алты ири держава кол койгон макулдашууга ылайык, Иран уран байытуу иштеринен баш тартып, ядролук программасын чектеши керек. Бул үчүн Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялардын бир бөлүгү алынмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG