Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Конгресс Иранга санкцияларды узартты


Президент Роухани Улуттук өзөктүк технология күнүндө, 7-апрель, 2016-жыл
Президент Роухани Улуттук өзөктүк технология күнүндө, 7-апрель, 2016-жыл

Иран АКШ Конгрессинин ислам жумуриятына каршы санкцияларын узартуусун атомдук программа боюнча жетишилген келишимди “бузуу” деп сыпаттады.

Алдыңкы күнү америкалык Сенат Иранга киргизилген санкциялардын мөөнөтү дагы 10 жылга жаңыртылсын деген мыйзамды бир добуштан колдогон эле. Обама администрациясы болсо мыйзам Тегеран менен ири державалар ортосунда былтыр жетишилген макулдашууну бузбайт деп билдирди.

Ирандын Тышкы министрлигинин мамлекеттик телеканалдан окулган билдирүүсүндө “Ядролук программа боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөлдөгөн өлкөнүн атайын комитети АКШ Конгрессинин чечими тууралуу кабардар кылынат” деп айтылат.

Бейшембиде АКШ Сенаты бир добуштан жактырган мыйзамга ылайык, Иранга каршы санкциялардын Акты дагы 10 жылга узартылат. Эми документ Ак үйгө жөнөтүлүп, президент Барак Обамага ага кол коет деп күтүлүүдө.

Сенатор Боб Мендес сенаторлорго кайрылып, "санкцияларды узартуу Иран режиминин башка кооптуу иш-аракеттерине жооп берүү үчүн керек”, - деди. Мендес Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо менен эл аралык коомчулукту провокациялоону улантууда деп кошумчалады.

- Атомдук программа боюнча келишим ишке киргенден бери Иран регионду дестабилдештирүү аракеттерин токтотпой, кубатын прокси жана террордук уюшмалар аркылуу күчөтүп жатат. Иран менен ядролук келишимиге кол коюлгандан бери Тегеран макулдашууну, биздин чечкиндүүлүгүбүздү жана иш жүзүндө узакка учуучу баллистикалык ракеталарын сынап келатат.

Өткөн айда Өкүлдөр палатасы Иран менен иш жүргүзгөн компанияларга каршы жазалоочу чараларды көрүүгө жол берген жобону узартууну жактырган.

Алгач бул мыйзам 1996-жылы киргизилип, өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция салгандар бутага алынган жана атомдук курал чыгаруу дымагын басаңдатууну көздөгөн. Документтин мөөнөтү жаңыланбаса, ушул жылдын этегинде соңуна чыкмак.

Өткөн жылы Кошмо Штаттар жана башка дүйнөлүк кубаттуу мамлекеттер жетишкен келишимге ылайык, Тегеран ядролук программасын чектейт. Ал үчүн ислам жумуриятына каршы кабыл алынган санкциялар жеңилдетилмекчи.

Бирок Конгресс мүчөлөрү жогоруда сөз болгон мыйзам күчүндө кала бериши керек деп чечишти. Конгрессмендер муну менен АКШ Ирандын чагымчыл аракеттерине жооп кайтарууга даяр, Тегеран атомдук келишимди бузса, санкциялар тез эле калыбына келтирилет деп ишара кылууну көздөшкөнүн белгилешти.

Ак үйдөгү расмий адамдар макулдашуу бир жылдан бери иштеп келатканда санкцияларды калыбына келтирүү керек болот деп эсептешпегенин билдиришти. Ошол эле маалда 1996-жылкы санкцияларды узартуу келишимди бузуу болуп саналат деген маселени козгошкон жок.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG