Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Иран-Саудия: ажылык алдындагы акаарат


Курман айттын алдында Сауд Арабиясы менен Ирандын бири-бирине акаарат келтирүүсү күч алды. Тегеран Эр-Риядды “фанатизмге жеткирген экстремизм” боюнча айыптаса, саудиттер ирандыктар дегеле мусулман эмес деген жетишти. Ирандын руханий лидери өткөн жылы ажылык учурунда ирандыктардын өлүмүн иликтөөнү Бириккен Улуттар Уюмунан талап кылган.

Жакынкы Чыгышта лидерлик талаш болуп өзгөчө майдараак араб өлкөлөрүнө таасир этип, өз орбитасына тартууда эрегешип келаткан Иран менен Сауд Арабиясынын карама-каршылыгы кайра тутанды.

Бул ирет жаңжалдын учугу жакындап келаткан ажылыкка барат. 2015-жылы ажылык учурундагы тыгында бери дегенде 2297 адам каза тапкан. Алардын арасында Иран жарандары көп болгон.

Мына ошого байланыштуу Тегеран ажылык учурунда коопсуздук чараларды күчөтүүнү Эр-Рияддан талап кылган.

َ
َ

Бирок сүйлөшүүдө бир пикир табылбагандыктан, 10-сентябрда баштала турган ажылыкка Иран жарандарын жөнөтпөй турганын жарыялады.

Ирандын руханий лидери Аятолла Хаменеи Сауд Арабиясына чабуулду улантып, “Сауддар ыйык жерлерди башкарууга татыксыз” деп атаганын Ирандын ИРНА маалымат агенттиги 7-сентябрда кабарлады. Ирандын лидери өткөн жылда тыгында ажылардын өлүмүн эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылган.

Саудия бийликтери ага ирандар дегеле мусулман эмес дегендей жооп берди. Өлкөнүн жогорку муфтийи Абдулазиз ал-Шейх көпчүлүгүн шииттер түзгөн ирандыктарды “мусулман эмес” деп атаган.

Сауд муфтийинин мындай сөзүнө жооп кылган Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Саудия бийликтерин “фанатизмге жеткен экстремизм” боюнча айыптады.

Иран президенти Хасан Роухани 7-сентябрда өкмөт жыйынында Саудия бийликтери “террорчулукту колдойт жана Ирак, Сирия Йеменде мусулмандардын канын төгүүдө” деп билдирди. "2015-жылы Меккедеги ажылык сапар учурунда тыгында адамдардын өлүмү үчүн Саудия бийлиги кечирим суроого да жараган жок",- деди президент Роухани:

- Сауд Арабиясынын өкмөтү ал окуя боюнча жооп бериши керек. Тилекке каршы, ал өкмөт мусулмандардан жана мусулман өлкөлөрдөн кечирим сураганга да жарабады. Алар келерки ажылыкты кандай уюштуруу боюнча кеңешип коюшпады. Аларда келечекке карата эч кандай план жок.

Саудия бийлиги өз кезегинде "Ажылык баарына бирдей, анын ичинде ирандыктар үчүн да мыкты уюштурууга аракет жасалууда" деп билдирди. Тегеран жана Эр-Рияддын мындай тирешүүсү ажылык эле эмес, Йемен, Бахрейн жана Сирияда да орун алууда.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр 6-сентябрда CNN каналына берген маегинде Иран Сирияга дүйнөдөн шиит ыктыярдууларды жөнөтүп жатат деп айыптаган эле:

- Орусия кийлигишпесе, Башар Асад карманып калмак эмес. Ал өзүн коргоого аскерлерди мажбурлай албады, ошондуктан Иранды жардамга чакырды. Иран өзүнүн Ыңкылапты коргоо күчтөрүн, "Хезболланы" алып келди. Бирок алар да аны коргой албады. Ошондуктан алар Ирак, Ооганстан жана Пакистандан шиит ыктыярдуу топторун жыйнашты. Орустар аралашты. Бирок баары бир алар дагы аны сактай албайт.

Иран менен Сауд Арабиясынын ортосундагы дипломатиялык байланыш быйыл жыл башында үзүлгөн. Ага Сауд Арабиясында шиит диниятчысы Нимр ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылышы жана андан кийин Тегерандагы араб элчилигине чабуул жасалганы себеп болгон. Эми ажылык алдында эки атаандаш бири-биринин дарегине акаарат айтып жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG