Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Сауд Арабия - Иран тиреши Сирияга кандай таасир этет?


Аятолла Али Хаменеинин портрети алдында шиит диниятчы Нимр ал-Нимрдин сүрөтүн көтөргөн иран аялдары. Тегеран, 4-янваоь, 2016
Аятолла Али Хаменеинин портрети алдында шиит диниятчы Нимр ал-Нимрдин сүрөтүн көтөргөн иран аялдары. Тегеран, 4-янваоь, 2016

Cауд Арабия Иран менен дипломатиялык мамилесин токтоткон күндө дагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр улана берерин, эки өлкөнүн тиреши согуш болуп жаткан жерде жаатташууну пайда кылат деген тынчсыздануулар негизсиз деп билдирет.

Иран менен Сауд Арабиянын тиреши күчөгөн сайын Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулук Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөргө кандай кедергисин тийгизет деп тынчсызданууда.

Сириядагы оппозициялык топтун жетекчиси бардык араб өлкөлөрүнө Иран менен байланышты токтотууну эскертти. Ал ортодо Сауд Арабиянын жакын үч союздашы Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Судан Тегеран менен алакасын үзөөрүн билдирсе, 5-январда Кувейт Ирандагы элчисин чакыртып алды. Судандын мамлекеттик медиасы расмий Хартум ирандык дипломаттарга эки аптанын ичинде чыгып кетүүнү эскерткенин кабарлады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Кошмо Штаттар жана Бахрейн Сауд Арабиясы менен Ирандын араздашуусу Сириядагы жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы жылдап уланган жаңжалдарды күчөтүп, тынчтык сүйлөшүүлөргө бөгөт коeруна кабатырланганын билдиришти.

Шииттер башкарган Ирандагы саясий режим Сириянын президенти Башар ал-Асадды колдосо, Сауд Арабиянын сунни жетекчилиги тескерисинче Асадга каршы согушуп жаткан козголоңчуларга жан тартат.

Аймактагы эки чоң держава, Кошмо Штаттар, Орусия жана башка бир катар өлкөлөр Сириядагы чиелешкен согушту токтотуу үчүн тынчтык жараянын баштоонун жолун издешүүдө.

Улуттар Уюмундагы Сауд Арабиянын элчиси Абдалла ал-Муаллими Сирия менен Йемендеги тынчтык жараяндарына болгон күчү менен көмөктөшөрүн айтты:

- Биз Иранбы же башкасыбы эч нерсени бойкоттобой, Сирия боюнча кийинки сүйлөшүүлөргө катышабыз. Эгер биз аларга [ирандыктарга] бойкот жарыяласак, ошол туура чечим болмок.

Сауд Арабиянын элчиси Улуттар Уюмунун Тегеран менен Эр-Рияддагы атайын чабарманы Стаффан де Мистура менен сүйлөшүп, 25-январда болчу тынчтык сүйлөшүүсүн өз маалында уюштуралы деп айтканына дагы токтолду.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссеин Жабери Ансари дүйшөмбүдө Тегеранда маалымат жыйын өткөрүп, Эр Рияддын Иран менен дипломатиялык алакасын үзөбүз деген билдирүүсүнө жооп кайтарды:

- Иран ар дайым ачык билдирүү жасаардан мурда алган милдеттенмелерин бузбай турганын көзөмөлдөйт. Биз эл аралык келишимдерди карманып, дипломаттардын жана дипломатиялык миссиянын аймагынын коопсуздугун камсыздадык.

2-январда жаалданган топ Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кирип барып, имаратка өрт коюшкан. ​

Иранда Сауд Арабиянын элчилигин өрттөштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сауд Арабия жана Ирандын тышкы иштер министрлери менен телефондон сүйлөшүп, “кырдаалды мындан ары курчутпай кармап калууга” чакырганын анын маалымат катчысы Стефан Дьюжаррик билдирди.

"Баш катчы Нью-Йорктогу жана Эр-Рияддагы жогорку даражалуу саудиялык бир катар расмийлер менен жолугуп, өлүм жазасын колдонууга, анын ичинде Шейх ал-Нимрдин өлтүрүлүшүнө каршылыгын билдирди" деген маалымат катчы Эр-Рияд менен Тегерандын кармашынын кесепети регион үчүн опурталдуу болушу мүмкүндүгүн дагы айтты.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 4-январдагы билдирүүсүндө эки өлкөнү тең “кырдаалды курчутпай сүйлөшүүгө отурууга” чакырып, 2-январда Тегеранда Сауд Арабиянын элчилиги өрттөлгөнүн айыптады.

Ошол эле маалда Пан Ги Мун Эр-Рияддын 47 кишини, анын ичинде таанымал шиит диниятчыны өлүм жазасына тартканы, андан кийин пайда болгон нааразылыктар үчүн тынчсызданып турганын айтты.

Саудия бийлигинин келишкис сынчысы, шиит диниятчы Нимр ал-Нимр 2014-жылы өлүм жазасына чегерилип, диний ажырымды күчөткөн деген кине тагылган. Адам укугун коргоочу уюмдар болсо диниятчы саясий курмандыкка айланганын, ал адамдарды тынчтык митингдерге гана чакырганын белгилешет.

Сауд Арабия, Бахрейн жана Перс булуңундагы мамлекеттер Иран ал өлкөлөрдөгү шииттерди козутуп турат деп айыпташат, 4-январга аларга Африкадагы Судан мамлекети дагы кошулду.

Сауд Арабия Иран менен дипалакасын үздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Түркияда жайгашкан Сириянын улуттук коалициясы деп аталган оппозициялык топ дагы Эр-Риядды жактап, Тегеран Сирия менен Ирактагы шиит азчылыктарын такай колдоп жатат деп билдирди.

Араб лигасы 10-январда жыйын куруп, Тегеран менен мамилени токтотууну карайт.

Вашингтондогу Ак Үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест эки өлкөнү тең кепке келүүгө чакырып, Эр-Рияддын шиит аалымын өлүмгө тартканы жалпы эле шиит дүйнөсүндө тополоң жаратарын эскертти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Арабия менен Ирандын тиреши Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууга жумшалган эмгекти текке кетириши мүмкүн деген камтамасын айтты.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG