Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

2015: Сирия жүрүшү Путинди изоляциядан чыгарды


Обама менен Путин саммитте жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Президенттер Обама менен Путин Чоң жыйырманын Түркиядагы саммитинде жолуккан учур. 15-ноябрь, 2015-жыл.

Орусия президенти Владимир Путиндин аяктап бара жаткан 2015-жылда тышкы саясатта жасаган жүрүштөрү, айрым батыштык талдоочулардын пикиринде, аны Крымдын аннексиясынан кийинки эл аралык изоляциядан чыгарды, бирок тобокелдиктердин топтому али сакталууда.

Сирияга аскерий кийлигишүүдөн тартып, Париждеги террордук чабуулдарга чейин жана андан кийин терроризмге каршы кеңири коалиция куроо демилгелери Путиндин эл аралык аренага кайтуусуна түрткү берген фактор болду. Орус президенти изоляцияга Крым аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалдан кийин 2014-жылдан тарта кабылган эле.

2014-жылы Кремль тушуккан кырдаалды Орусиянын өзүндө айрымдар “Крымды алуу, бирок дүйнөнү жоготуу” деп мүнөздөшкөн эле:

- Путиндин 2015-жылдагы башкы жетишкендиги – кайтып келгени, (эл аралык аренага), азбы же көппү биз сүйлөй турган, атүгүл бизге Украинадан башка кризистерде жардам бере ала турган адам катары кабыл алынганы болду. 2014-жылдагы жана 2015-жылдын башындагы изоляция, менимче, бүттү, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Орусияны жана Борбор Азияны изилдөө боюнча Берлиндеги Роберт Бош борборунун талдоочусу Штефан Майстер.

Эске салсак, Крым аннексиясынан соң Чоң жетинин жыйынына чакырылбай, айрым Батыш лидерлери кол алышпай калган орус президенти 2014-жылы Чоң жыйырманын Австралиянын Брисбен шаарындагы саммитинен эрте кетүүгө аргасыз болгон эле.

Австралия менен Канаданын ал кездеги премьер-министрлери Тони Эббот менен Стивен Харпер Путиндин дарегине жериген сөздөрдү айтышкан эле.

Бир жылдан кийин Москва менен Анкаранын мамилеси бузулар алдында, Чоң жыйырманын Түркиянын Анталья шаарында өткөн саммитинде кырдаал өзгөрдү.

Буга Москва жана Батыш Сириядагы жарандык согушту токтотуу жана саясий жактан жөнгө салуу жолдору боюнча мунасага жакындап калганы да салым кошту.

Сакталган санкциялар

Бирок Орусиянын Сирия боюнча жүрүшү жана кызматташтыгы АКШ менен Евробиримдикти алар украин кризисинен улам Москвага каршы киргизген санкцияларды жоюшуна ынандыра алган жок.

Евробиримдик акыркы ирет санкциялардын мөөнөтүн 21-декабрда алты айга узартса, АКШ жыл соңунда санкциялык тизмеге дагы 30га жакын жеке адамдар менен компанияларды кошту.

АКШ администрациясындагы Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин Орусия боюнча директору Селеста Волландер Москва менен иштешүүдө Сирия жана Украина маселеси байланышта каралбаганын белгилейт:

Селеста Волландер
Селеста Волландер

- Бул жерде эч кандай компромисc, Орусия үчүн Сирияда терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыгын биздин Украина боюнча так саясатыбызга жана стратегиябызга өзгөртүү киргизгидей мүмкүнчүлүк жок. Мен азыр деле Орусия изоляциядан толук чыкты деп ойлобойм. Ооба, Орусия азыр тикелей аскерий кийлигишүүсү аркылуу Сириядагы жарандык согуш маселесине активдүү аралашууда. Бирок ал глобалдык мааниси бар иштерге такай эле кийлигишип келген.

АКШ менен Орусия жыл соңуна барып Сирия боюнча “орток таяныч” таап, анын натыйжасында БУУнун Коопсуздук кеңеши резолюция кабыл алууга жетишти.

Орусиянын Путиндин Сирия жүрүшү өлкө үчүн опурталдуу деген пикирлер өкүм сүргөнү менен, ал өзү бул маселеде туура жолдо бара жатам деген ишенимде:

- Бизге президент Асад менен, америкалык тарап менен, Сауд Арабиядагы, башка араб өлкөлөрүндөгү биздин достор менен да иштөө жеңил. Эмне үчүн жеңил ? Биз эки оюн жүргүзгөн жокпуз, турумубузду өзгөртпөдүк. Турумубузду иштеп чыкканга чейин, ар бирин шашпастан туруп уктук. Баары үчүн ыңгайлуудай көрүнгөн багытты тандап алдык, - деди Путин 20-декабрда теледен сүйлөп жатып.

Президент Путин аяктап бараткан жылы эл аралык изоляциядан чыкканы менен тескерисинче буга орусиялыктарды түрткөндөй болду.

Синай жарым аралдарында орусиялык жүргүнчү учак кыйрагандан кийин Египеттеги курортторго Орусиядан түз аба каттам токтотулду.

Ал эми орусиялык аскерий учактын кыйрашы Түркияга орусиялык туристтердин агымын чектеди.

Орусиялык жүргүнчү жана аскерий учактардын Жакынкы Чыгышта кыйрашынын Москванын Сирияда сентябрдын соңунда башталган аба соккуларына кыйыр жана тикелей байланышы бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG